Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Токтогул районунун Толук айыл өкмөтү
Бөлүм: Финансылык экономикалык бөлүмү
Кызмат орду: Болум башчы
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Экономикалык жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, «Кыргыз Республикасынын
социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдары.

- билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

- көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

 

  1. Аскердик эсепке алуу боюнча адис (инспектор ВУС 1 штаттык бирдик):

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же кесиптик орто билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамдары.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

 

 

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

 

 

Сынакка  катышуу  үчүн  зарыл  болгон  документтер:

 

  • жеке арызы, кардалдарды эсепке алуу баракчасы, сүрөт 3х4 олчомундо 2 даана, паспортунун  же  инсандыгын  күбөлөөчү  башка документинин  көчүрмөсү, зарыл  кесиптик  билиминин,  иш стажын  жана кваликификациясын  ырастоочу   документтеринин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган), өмүр баяны өзүнүн жана жакын туугандары жөнүндө соттолбогондугун көрсөтүү менен.

Иш кагаздарды кабыл алуу жарыя чыккан күндөн  тартып он жумуш күн  ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: 

            Квлификациялык талаптар жана функциялык милдеттер жоунундо толук маалымат www.mkk.gov.kg cайтында жайгашкан.

Токтогул району,Толук айыл өкмөтү.Толук айылы.Эстебес  көчөсү № 13 тел. 0 773 68 20 65

Берилген  талаптарга  жооп  берген  жарандарга  сынак  өткөрүү  убактысы менен  орду, жана  башка  маалыматтар  кошумча  билдирилет.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-07 00:00:00
Дата аягы: 2019-05-22 00:00:00