Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нарын облустук мамлекеттик статистика башкармасы
Бөлүм: Ак-Талаа райондук мамлекеттик статистика бөлүмү
Кызмат орду: башкы адис
Талаптар:

Нарын облустук мамлекеттик статистика башкармасы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ак-Талаа  райондук  мамлекеттик статистика бөлүмүндөгү  башкы адис ваканттык административдик мамлекеттик кызмат ордуна

 

СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

 Кесиптик билимдин дещгээли:

 _   Жогорку  кесиптик билим багытында:

«Экономика жана башкаруу»; «Физика - математикалык илим жана  

 фундаменталдык информатика»; «Эсептөө техника жана маалыматтык

 технология».

 Иш стажысы жана тажрыйбасы:

    - Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана / же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 Кесиптик компетенттүүлүгү:

      Кошумча билүүсү:

   -  Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, «Мамлекеттик жөнүндө»,  «Кыргыз Республикасынын статистика жөнүндө» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.10.2007-жылдагы бекитилген «Бирдиктүү мамлекеттик регистирдеги статистикалык  бирдиктер боюнча» № 483 Жобосу,

 Негизги функционалдык милдети:   

        _  Ишкана,  мекеме жана уюмдардан статистикалык отчетторду кабыл алуу,  

       жыйынтыктоо, анализ жасоо жана маалымат даярдоо;

       _   Статистикалык маалыматтарды компьютерге киргизүү жана анны иштеп чыгуу менен жыйынтыгын жогорку статистика органдарына,жергиликтүү башкаруу органдарына берүү;

       _  Аткарылган статистикалык иштердин тактыгын камсыз кылуу менен экономикалык анализ жүргүзүү;

       _  Статистикалык  жыйнактардын көрсөткүчтөрүнүн толтурулушун көзөмөлгө алуу;

 Талап кылынган документтер; 

   _ Сынакка катышууга арыз;

   _ Кадырларды каттоо баракчасы, резюме;

   _ 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

   _ Паспорттун көчүрмөсү (оргиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт) ;

   _ Жогорку билимин тастыктаган дипломдун   көчүрмөсү (нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

   _ Эгерде эмгек китепчеси болсо  көчүрмөсү (нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

 

      Конкурска катышуучулардын документтери жарыя чыккан күндөн тартып 10 күн ичинде  Ак-Талаа райондук  мамлекеттик статистика бөлүмүндө кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар:

(03537) 92-7-71; 92-4-58

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-14 00:00:00
Дата аягы: 2019-05-27 00:00:00