Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: башчынын орун басары, ж.б.
Талаптар:

Квалификациялык талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”мыйзамдары;
  • Мамлекеттик жарандыккызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”
  • “Жайыттар жөнүндө”;
  • “Билим берүү жөнүндө”;
  • “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

- Көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

  Функционалдык милдеттери

            -айыл өкмөтүнүн аппаратынын жалпы иш-аракетин же болбосо бир же болбосо бир нече тармактык багыттар боюнча координациалоону;

      -Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Презитентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкүмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын,  Кыргыз Республикасынын улуттук жана мамлекеттик программаларын, башка ченемдик-укуктук актыларын аткаруу маселери боюнча айыл өкмөтүнүн иш-аракеттерин координациялоого;

          -аймакты комплекстүү өнүктүрүү максатында жергиликтүү коомдоштуктун аймагында жашаган чарбакер субьектердин иш-аракеттерин координациялоого;

         -жергиликтүү кеңештин сессияларын, айыл өкмөтүнүн заседаниелерин, жергиликтүү коомчулуктардын курултайларын даярдоо боюнча иштерди уюштурууга;

         -жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча айыл башчысынын, айыл өкмөтүнүн структуралык бөлүмчөлөрүн, юридикалык жана жеке жактардын иш-аракеттерин координациялоогочу-тескөөчү ыйгарым укуктары жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар бөлүгүндө анын милдетин аткарууга.

         -өзгөчө кырдаалдар учурунда ресурстарды мобилизациялоо боюнча иш-аракеттерди координациялоого, табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүгө;

         -ушул кызматтык нускамадагы функционалдык милдеттердин тизмесине ылайык башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө;

         -жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы жок болгон учурда айыл өкмөтүнүн иш-аракетинин бардык маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү укуктары жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар бөлүгүндө анын милдетин аткаруу.

Салыктар боюнча башкы адис (_1_ штаттык бирдик):

Квалификациялык талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим - Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
  • Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Функционалдык милдеттери

-кенештин чечими менен киргизилген аймакта  колдонуулучу  жергиликтүү салыктоардын жана  жыйымдардын түшүүсүнүн түзүлгон  динамикасын ошондой эле уюмдун мекеменин жана ишкананын макроэкономикалык  корсоткүчторун келип чыгып жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлордү  жана жергиликтүү бюджеттин кирешесине чегерүүлөрдүн  белгиленген  нормативдерин эске алуу менен жергиликтүү коомдоштуктун аймагын  социолдык-экономикалык  өнуктүрүү божомолунун  маалыматтарын  негизинде алдыдагы финансалык жылга жана  орто мөөнөтүү(уч жылга) келечеке жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү боюнча иштери жүргүзүүгө;

    -айыл Өкмотүнүн бюджетине  төлөмдөрдүн өз учурунда түшүүсүн кантольдоого,салык төлөөчүлөрдун  төлөмдүк жана  финансалык  тартипдерди  сатоолору боюнча регулярдуу анын ичинде  утурлама  текшерүүлөрду жургүүзө;

   КРнын Мыйзамдарынын  алкагында төлөмук тартипти бузуучу  чарбакер субъектерге чараларды көрүүгө;

    -кеңештин бюджеттик комиссиясынын кароосунда жогорку турган финансалык  оргондарга  берүү  үчүн айыл Өкмөтүнүн  бюджетинин  киреше болүгүнүн   көрсөткүчтөру  боюнча зарыл материалдарды даярдоого;

    - кварталдар боюнча болу менен бюджетке төлөмдөрдүн  планын түзүүгө анны аткаруу үчүн  чарбакер  субъектерге  билдирүүнү жана анын  аткарылышын  камсыз  кылуу;

   - белгиленген финансалык  отчеторду өз учурунда түзүүну жана берүүну камсыз кылуу;

   -мезгил-мезгили менен (ай сайын ,квартал сайын)аймакта  белгиленген төлөмдөрдүн бюджеттик түшүүсүнө талдоо жүргүзүүгө жана  тиешелүү сунуш  киргизүүгө:

   -салык салуу маселелерин жөнгө салуу ченемдик,укуктук актыларды түшүндүрүү жана колдонуу боюнча юридикалык жана жеке жактарга консултациялык жардам көрсөтуугө милдеттүү.

 Жаштар иштери жана дене тарбия маселелери боюнча башкы адис (_1_ штаттык бирдик):

Квалификатциялык талаптар

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим – Дене тарбия маданияты, Жаштар менен иштөөнү уюштуруу адистиктери боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”;
  • “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө”
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Функционалдык милдеттери

       ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

      - билим берүү мекемелеринде жаш ѳспүрүмдѳрдүн кылмыштуулук боюнча профилактикалык жумуштарды уюштурууга жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгѳ;

      -жаш ѳспүрүмдѳр арасында спорттун ар кайсы түрлѳрү боюнча ѳткѳрүлүүчү мелдештердин иш чараларын иштеп чыгууга жана ѳткѳрүүгѳ;

      -айыл ѳкмѳттѳрүнүн жетекчилеринин алардын кызматтык ыйгарым укуктарынын чектеринде буйруктарын жана кѳрсѳтмѳлѳрүн (мыйзамсыздан башка) аткарууга;

      -жарандардын, коомдук бирикмелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын ѳз учурунда кароого жана аларды белгиленген тартипте чечүүгѳ;

      -кызматтык этиканын нормаларын сактоого.

  иш жүргүзүүчү адис  (_1_ штаттык бирдик):

Квалификатциялык талаптар

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө
  • ” № 517 токтому.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Функционалдык милдеттери

        -айыл ѳкмѳтүнѳ келип түшкѳн арыз жана каттарды кабыл алууга;

         -арыз каттарды аткаруучуга ѳткѳрүп берүүгѳ;

         -каттардын жана арыздардын кыдыртылышына жана аткарылышына кѳзѳмѳл     жүргүзүүгѳ;

         -иштердин наменклатурасын жана башка иш кагаздарды жүргүзүүгѳ;

         -иш кагаздарды сактоого жана учурдагы архивди жүргүзүүгѳ;

         -кызматтык этиканын нормаларын сактоого.

 Талап кылынуучу документтер: жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт; паспорттун көчүрмөсү; керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди кабыл  алуу жарыя чыккан күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын С.Турдалиев көчөсү,  №17, (Айыл өкмөтүнүн имараты)

Байланыш үчүн: 0771-08-23-03, 0755-08-23-03

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-20 00:00:00
Дата аягы: 2019-05-31 00:00:00