Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ысык-Көл районунун Бостери айыл Өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Башчынын орун басары
Талаптар:

Ысык-Көл районунун Бостери  айыл Өкмөтү

       Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Бостери айыл Өкмөтүнүн Өкмөт башчынын орун басары бош ваканттык административдик муниципалдык кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:

 

Башчынын орун басары (1 штаттык бирдик) кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

  • кесиптик билимдин деңгээли:

                - тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык жана экономика жана башкаруу, техникалык, айыл-чарбасы багыттары боюнча);

  • иш стажы жана тажрыйбасы:

-Жалпысы 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

                  3)  кесиптик компетенттүүлүгү:

             -төмөнкүлөрдү билүүсү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тийиштүү тармактагы мыйзамдарды:

“Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” “Аксакалдар соттору жөнүндө”, “Жамааттар жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселери жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын төмөндөгү мыйзамдарын: “Архитектура жана шаар куруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө”, 2012-жылдын 23-июлу №517 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Токтомун билүүсү зарыл.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрлардын каттоо баракчасы,  резюме, өмүр баяны;

- 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- Билимин тастыктаган дипломунун жана эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүү керек);

Талапкерлерден документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Бостери айыл өкмөтү, Бостери айылы, Мамытов көчөсү №79а дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет

        Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар:

(0-3943) 6-12-03 жана bosteri aiyl Okmotu Facebook баракчасынан толук маалыматты алсаңыздар болот.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00