Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөт
Кызмат орду: Жооптуу катчы, бѳлүм башчысы (финансы-экономика боюнча)
Талаптар:

Ак-Талаа   районунун  Тоголок-Молдо  айыл  аймагынын  айыл өкмөтү “КР Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык  төмөндөгү административдик муниципалдык кызмат ордуна сынак жарыялайт.

 

Тоголок-Молдо  айыл  ѳкмѳтүнүн  жооптуу  катчы  кызмат ордуна коюлуучу  квалификациялык  талаптар 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу, гуманитардык,  айыл-чарбасы, педагогикалык билим берүү, энергетика жана электротехника).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Эмгек  кодексин, КР Жер  кодексин,  КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, КР “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамын, КР “Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” Мыйзамын, КР “Нотариат жөнүндө” Мыйзамын, КР “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамын, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген КР мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосун, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген КР мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобону, КРӨнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131КР мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин балоо жана эмгек акы төлөөнүн шартары жөнүндө токтомун.

Тоголок-Молдо  айыл  ѳкмѳтүнүн  бѳлүм  башчысы  (финансы-экономика боюнча) кызмат  ордуна  коюлуучу  квалфикациялык  талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:            

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Бюджеттик кодексин, КР Салык кодексин, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, КР “Бейсалымдык төлөмдөр жөнүндө” Мыйзамын, КРӨнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобосун, КРӨнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131КР мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин балоо жана эмгек акы төлөөнүн шартары жөнүндө токтомун.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян (соттолгондугу же сотолбогондугу жөнүндө маалымат камтыган);

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

Документтер Ак-Талаа районунун Кара-Ой айылы Мусакожо көчөсү №61 дарегинде Тоголок-Молдо айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө, жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин  кабыл алынат. Толук маалымат www.mkk.gov.kg сайтында. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 03537 6-09-73, 0771 35-08-72

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-21 00:00:00
Дата аягы: 2019-06-03 00:00:00