Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөт
Кызмат орду: социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адис
Талаптар:

Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтү КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык төмөндөгү кызмат орундарына  сынак жарыялайт.

 

Талды-Суу  айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, саламаттыкты сактоо, гуманитардык).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Үй-бүлөө кодексин, КР Балдар кодексин, КР “Мамлекеттик  жѳлѳк пулдар  жѳнүндѳ” Мыйзамын, КРӨнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №823-токтому менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобосун, КР “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө” Мыйзамын.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян (соттолгондугу же сотолбогондугу жөнүндө маалыматты камтыган);

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

  

Документтер Ат-Башы районунун Талды-Суу айылы Жолоев көчөсү №2 дарегинде Талды-Суу айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө, жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккандан баштап 10 жумушчу күндүн ичинде  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн www mkk.gov.kg сайтынан жана төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 0700 84-70-32

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-21 00:00:00
Дата аягы: 2019-06-03 00:00:00