Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөт
Кызмат орду: уюштуруу, анализ, пландоо жана тендер боюнча башкы адис
Талаптар:

Баетов   айыл  ѳкмѳтүнүн  уюштуруу, анализ, пландоо жана тендер боюнча башкы адис кызмат  ордуна  коюлуучу  квалифкациялык   талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын, КР Бюджеттик кодексин, КР Салык кодексин, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, КР “Бейсалымдык төлөмдөр жөнүндө” Мыйзамын, КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян (сотолгондугу же сотолбогондугу жөнүндө маалыматты камтыган);

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (нотариустан

күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 

Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин Ак-Талаа районунун  Баетов  айыл өкмөтүндө дареги:  Баетов  айылы, Султаналиев Акай  көчөсү №52 кабыл алынат. Сурап билүү телефондору: 03537 92-3-57, 92-5-12

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-21 00:00:00
Дата аягы: 2019-06-03 00:00:00