Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Башкы адис (кирешелер боюнча)
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Экономикалык жогорку билим.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Салык кодекси, «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» мыйзамы.

- билгичтиги:

Айыл өкмөттүн киреше бөлүгүн жогорулатуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды

аткарат;

-салык төлөөчүлөрдүн арасында өз мезгилинде финансылык тартиптерди сактоосу

боюнча түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүү;

-натыйжасыз жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын айрым төлөмдөрүн алып

салуу маселесин тийиштүү жетекчиге даярдайт;

-бюджеттик киреше боюнча белгиленген финансылык отчеттуулукту өз учурунда 

түзүүнү жана тапшырууну камсыздайт;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

 

Функционалдык милдеттер

Айыл өкмөттүн киреше бөлүгүн жогорулатуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды аткарат;

-салык төлөөчүлөрдүн арасында өз мезгилинде финансылык тартиптерди сактоосу боюнча түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүү;

-натыйжасыз жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын айрым төлөмдөрүн алып салуу маселесин тийиштүү жетекчиге даярдайт;

-бюджеттик киреше боюнча белгиленген финансылык отчеттуулукту өз учурунда  түзүүнү жана тапшырууну камсыздайт;

         -жергиликтүү бюджетке төлөмдөрдүн өз учурунда түшүүсүн туруктуу контрол жүргүзөт;

     Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөмдүк тартипти бузган чарбакер субьекттерге чараларды көрүү жумуштарын аткарат;

     Бюджеттин киреше бөлүгү боюнча белгиленген финансылык отчеттуулукту өз учурунда түзүүнү жана тапшырууну камсыздайт;

    Мезгил мезгили менен бюджетке айыл өкмөттүн аймагында аныкталган төлөмдөрдүн түшүүсүнө талдоо жүргүзүү менен бөлүмдүн башчысына тиешелүү сунуш менен кирет.Салык салуу маселелерин  жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды түшүндүрүү жана колдонуу боюнча юридикалык жана жеке жактарга консультациялык жардам көрсөтөт;

   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык кызматкерге тиешелүү айыл өкмөт башчысынын бекиткен тапшырмаларын аткарат.

Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

- жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- мүнөздөмө.

 

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт. Ноокен району Сакалды айылы Ш.Молложанов көчөсү №45 (айыл өкмөттүн имараты) тел: 6-00-83, эл.адрес: sakalduvap@rambler.ru, индекс 721211

Талапкерге сынак өткөрүү күнү жана орду тууралуу кошумча берилет

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-16 00:00:00
Дата аягы: 2019-05-29 00:00:00