Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад шаарынын мэриясы
Бөлүм: Бөлүм башчысы (1 шт. бирдик)
Кызмат орду: Cоциалдык өнүгүү бөлүмү
Талаптар:

Кесиптик билимдин деңгээли: Гуманитардык, социалдык илимдер, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, педагогикалык, саламаттыкты сактоо багыты боюнча жогорку билим.

 

  Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

  Билими:

  • жалпы мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнундө”, “Ички миграция жөнундө”, “Тышкы миграция жөнундө”, “Ветеринария жөнундө”, “Коомдук саламаттык сактоо жөнундө” мыйзамдарын билүү;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилдерди билүү;

 

  Көндүмдөр:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;
  • ишти натыйжалуу пландоо;
  • аналитикалык документтерди талдоо;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

 

ИШ МИЛДЕТТЕРИ:

  • бөлүмдүн ишмердүүлүгүн жалпы жетектейт жана бөлүмгө жүктөлгөн тапшырма жана функциялардын тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыгы үчүн жеке жоопкечиликти алат;
  • бөлүмдүн кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт жана вице мэрге сунуштайт, бөлумдун ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлөт;
  • бөлүнүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында бөлүмдүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн баалайт жана кызматкерлерге карата алардын кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы үчүн тартиптик чара көрүү жөнүндө сунуш берет;
  • аткарылган иштер боюнча отчетторду даярдап, аларды белгиленген мөөнөттө, бекитилген формада тиешелүү органдарга тапшырат жана алардын тактыгы үчүн жооперчикти алат;
  • саламаттыкты сактоо тармагын, санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык, фитосанитардык көзөмөлдү уюштуруу боюнча иш-чараларды көзөмөлдөйт;
  • калкка социалдык кызмат көрсөтүүнү уюштурат жана калктын түрдүү катмарын колдоо боюнча сунуштарды даярдайт;
  • диний мамилелер боюнча иштерди көзөмөлдөйт;
  • пайдалануучулардын укугун коргоо комиссиясын жана туризм боюнча кеңешти жетектейт;
  • этикалык ченемдерди сактоого милдеттүү;

 

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАР:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;
  • билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • өмүр баяны соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматы көрсөтүү менен;
  • 4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;
  • квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

 

            Документтерди кабыл алуу жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккандан баштап 10 жумуш күнүн ичинде кабыл алынат.

 

 Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат.

 

Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, 1-кабат 5-кабинет. Сурап билүү телефондору: (03722) 2-30-93.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-20 00:00:00
Дата аягы: 2019-05-31 00:00:00