Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Базар-Коргон районуна караштуу Талдуу-Булак айыл өкмөтү
Бөлүм: Финансылык экономикалык бөлүмү
Кызмат орду: Бөлүм башчысы (1 штаттык бирдик), ж.б.
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим - Финансылык экономикалык багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;
  • “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө № 131 токтому.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

- Фунционалдык  милдеттери:

Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында  аныкталган тартипте аймакты  социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн божомолуна ылайык алдыдагы  финансылык  жылга кирешелер  жана  чыгашалар  боюнча  жергиликтүү  бюджеттин  долбоорун түзүү жана аны  кеңештин  бюджеттик  комиссиясына берүү. Айыл өкмөтүнүн  бюджетинин  орто мөөнөтүү божомолун  иштеп  чыгууну  уюштуруу, ж.б.

Салыктар боюнча башкы адис (1 штаттык бирдик):

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим - Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
  • Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

- Фунционалдык  милдеттери:

-Айылдык кеңештин чечими  менен  киргизилген  аймакта  колдонулуучу  жергиликтүү  салыктардын  жанга жыйымдардын  түшүүсүнүн  динамикасын, ошондой  эле  уюмдун, мекеменин жана  ишкананын макроэкономикалык  көрсөткүчтөрүнөн  келип  чыгып, мамлекеттик  салыктардын  жана  чегерүүлөрдү  жана  жергиликтүү  бюджеттин  кирешесине чегерүүлөрдүн белгиленген  нормативдерин  эске  алуу менен жергиликтүү  коомдоштуктун аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү  божомолунун  маалыматтарынын  негизинде алдыдагы  финансылык  жылга  жана орто мөнөтүү (үч жылга) келечекке  жергиликтүү  бюджеттин  киреше  бөлүгүн  түзүү  боюнча  иштерди  түздөн-түз  жүргүзүү.   

-жергиликтүү   бюджетке  төлөмдөрдүн өз  учурунда  жана  толук   түшүүсүнө туруктуу  контроль  жүргүзүүгө.Салык  төлөөчүлөрдүн  төлөмдүк  жана  финансылык тартиптерди  сактоолору  боюнча текшерүүлөрдү  уюштурууга жана  жүргүзүүгө:

-өз компетенциясынын  чектеринде  Кыргыз  Республикасынын  салык  мыйзамдарына  ылайык  төлөмдүк  тартипти  бузуучу  чарбакер  субьектилерге  чараларды  көрүүгө:

-бюджетке төлөмдөр  боюнча   кыянат  төлөбөөчүлөрдөн карыздарды  өндүрүү  боюнча  сунуштарды даярдоо:

-бюджеттин  киреше  бөлүктөрүн   түзүү бөлүгүндө бюджеттик  процестин ачык айкындыгын камсыз  кылуу  боюнча  чараларды  көрүүгө. ж.б.

 

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жетектөөчү адис (1 штаттык бирдик):

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим - Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, Юриспруденция, Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Техникалык, Айыл чарба  багыттары боюнча

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

             -фунционалдык  милдеттери:

-айлана  чөйрөнү  коргоо, токойду  сактоо, көбөйтүү,

-айыл  аймагындагы  санитардык  абалдын  сакталышына  көзөмөл  жүргүзүү,

-ар кандай техногендик,  табигий  кыргсыктардын  алдын  алуу  боюнча  иш  алып  баруу.ж.б.

 

Адис  – иш жүргүзүүчү (1 штаттык бирдик):

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө
  • ” № 517 токтому.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

- Фунционалдык  милдеттери:

-айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңешке келип түшкөн кат-кабарларды кабыл алууга каттоо;

-кат-кабарларды документин аткаруучусуна өткөрүп берүү;

-документерди каттоо, көбөйтүү жана алардын айыл өкмөтүнө жана жергиликтүү кеңеште кыдыртылышына жана аткарылышына контрол жүргүзүү;

-документтерди аткаруу маселелери боюнча айыл өкмөтүндө башчы үчүн маалымат  даярдоо;

-иштердин номенкулатурасы жана башка документерди жүргүзүү, ж.б.

 

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:

- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

- паспорттун көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

 

Документтер газетага жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүк мөөнөттө төмөнкү дарекке тапшыруу зарыл: Базар-Коргон  району , Талдуу-Булак  айыл  аймагы  Каба  айылы , көчөсү  №16 Байланыш   телефону:  (03736) 6-00-06,  0 (771) 53-45-08,   0 (507) 75-31-91

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00