Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы
Бөлүм: Жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү
Кызмат орду: Адис
Талаптар:

Кесиптик билимдин деңгээли: Экономикалык, Юридикалык, Гуманитардык же Социалдык илимдер боюнча жогорку билими.

Иш стажы жана тажрыйбасы: эмгек стажына талап коюлбайт

Кесиптик компетенциялар:

Билими: «Кыргыз Республикасынын эмгек мамилелер жаатындагы коомдук өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамы;

Көнүмдөр:

-Жетекчинин берген тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-Документтерди, маалыматтарды, каттарды сапаттуу даярдоо

-Ата-мекендик жана эл аралык тажрыйбаларды талдоо, практикада колдонуу.

-Кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо.

-Кайрылган жарандардын маселелерин кароо жана жооп даярдоо

-Иш кагаздарды мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүү. -Команда менен иштөө.

ИШ МИЛДЕТТЕРИ:

-Калкка (үй-бүлөлөргө) эмгек, иш менен камсыз болуу, кесип тандоо, киреше алып келүүчү ишмердикти жүргүзүү маселелери боюнча кеңеш берет жана маалымдайт;

 -Калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жөнүндө мыйзам менен аныкталган тартипте жана шарттарда иш издеген жана ишсиз жарандарды эсепке алууну жана каттоону жүргүзөт;

 -Жумушсуз катары катталган адамдарга бош иш орундарын берүү боюнча иш берүүчүлөр менен иштерди өткөрөт; коомдук акы төлөнүчү иштерге жумушсуздарды жана аз камсыз болгондорду тартуу боюнча иш-чараларды уюштурат;

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:

 -Конкурстун коммисиянын төрагасынын атынан арыз;

-Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;

-Билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);

-паспорттун көчүрмөсү

-Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);

-Өмүр баяны соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен;

-4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;

 Документтерди кабыл алуу жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан күндөн баштап 10 жумуш күн ичинде кабыл алынат.

 Документтер жумуш күндөрү 8:30-17:30 га чейин Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат.

 Дареги: Жалал-Абад шаары Тоголок-Молдо №80 Тел: 03722 (7-17-69)

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-27 00:00:00
Дата аягы: 2019-06-10 00:00:00