Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
Бөлүм: 1. Уюштуруу инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүнүн укуктук-камсыздоо жана кадрлар сектору
Кызмат орду: башкы адис
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык, төмөндөгү  административдик бош кызмат ордуна конкурс жарыяланат

  1. Уюштуруу инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүнүн укуктук-камсыздоо жана кадрлар секторунун башкы адис кызмат ордуна:

 Квалификациялык талаптар:

 - юридикалык жогорку кесиптик билим;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

-компьютерде иштей билүүсү;

КР Эмгек Кодексин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»,  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамдарын, КРӨнүн 23.07.2012ж. № 517 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча  Типтүү нускаманы;

 

- жакшы аналитикалык, уюштуруучулук жана башкаруучулук жөндөмү;

- иш стажысы: мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес, же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес.

 Талап кылынуучу документтер:

- конкурстук комиссияга арыз;

- өздүк баракча (3х4 сүрөтү менен);

- резюме;

- өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондогу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- паспорттун көчүрмөсү;

- билимин, эмгек стажысын жана квалификациясын аныктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин түп нускасы сынакка келгенде өзү тарабынан көрсөтүлөт);

                                                           Функционалдык милдети:

  • Жогорку органдардан келген иш чаралардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
  • Кадр маселелери боюнча укуктук баа берет, сот процесстери боюнча иш алып барат ;
  • Кварталдык маалыматтарды даярдайт, аткарылышын көзөмөлдөйт
  • Өзүнө тийиштүү келген арыз жана даттануулар боюнча ишти алып барат. Текшерүү уюштуруп, мөөнөтүнөн кечиктирбей жооп беришине көзөмөл жүргүзөт;
  • Бөлүмгө келген иш-кагаздарын каттайт;
  • Иш-сапар буйруктарын тариздейт, каттайт;
  • Жетекчилердин берген көрсөтмөсүнө ылайык, белгиленген мөөнөткө документтердин аткарылышын камсыз кылат жана берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткарат;

 

            Көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка киргизилбейт.

            Документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлар секторуна жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумуш күнгө чейин кабыл алынат.

Дареги: 722900, Нарын шаары, Ленин көчөсү 76,  тел. 5-04-84.

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-28 00:00:00
Дата аягы: 2019-06-11 00:00:00