Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нарын районунун Сары-Ой айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөт
Кызмат орду: Жооптуу катчы
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык Нарын районунун Сары-Ой  айыл  өкмөтү жооптуу катчы

кызмат ордуна сынак жарыялайт

  Жооптуу  катчы  кызмат ордуна коюлуучу  квалификациялык  талаптар

 1) кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартибин”;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабры № 706  “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомун;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы  № 131 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө;

2003-жылдын 24-июлундагы №462 “Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерине кошумча барак формасын жана Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун билүүсү зарыл.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 Документтер Нарын районунун Сары-ой   айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө (Жылан- Арык  айылы,  А.шымыкеев    коч № 8)   массалык маалымат каражатына  чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин  кабыл алынат.

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-28 00:00:00
Дата аягы: 2019-06-11 00:00:00