Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөт
Кызмат орду: жер турак-жай, комуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар жана экономист-статис адис
Талаптар:

Ак-Талаа  районунун  Кызыл-Белес  айыл аймагынын айыл өкмөтү          Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына    ылайык  төмөндөгү бош  административдик муниципалдык кызмат  ордуна  сынак жарыялайт.

 Кызыл-Белес  айыл өкмөтүнүн жер турак-жай, комуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар жана экономист-статис адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (юриспруденция, геодезия жана жерге  жайгаштыруу,  архитектура жана курулуш, экономика жана башкаруу).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:         

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Жер кодексин, КР Турак-жай кодексин, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, КРӨнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы №733 токтому менен бекитилген КР өзгөчө кырдаалдардын класификациясын,

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян (сотолбогондугу жөнүндө маалымат камтыган);

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

Документтер Ак-Талаа районунун Кадыраалы айылы Н.Кулназаров көчөсү №71 дарегинде Кызыл-Белес айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө, жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 03537 6-05-50, 0702 60-26-63

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-28 00:00:00
Дата аягы: 2019-06-11 00:00:00