Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Каракол шаардык депутаттар Кеӊеши
Бөлүм:
Кызмат орду: Адис
Талаптар:

Каракол шаардык депутаттар Кеӊеши «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, төмөндөгү ваканттык административдик муниципалдык кызмат орунуна сынак жарыялайт:

 

  • Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин адиси – 1 бирдик;

 

Кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим (филологиялык, экономикалык, техникалык, юридикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, педагогикалык, гуманитардык багыттарда);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт (мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта стажы барларга артыкчылык берилет);

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды (Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеӊештин депутаттарынын статусу жөнүндө” “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” Мыйзамдарын билүүсү,
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү жана которуу;

- билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

 

 

  • документтерди, маалыматтарды, арыздарга, суроо-талаптарга жоопторду мамлекеттик тилде жана расмий тилде сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө;
  • аппараттын иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүрүшүн камсыз кылуу;

 

- көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
  • компьтердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программаларды колдоно билүү;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерден, оозэки жана жазуу түрүндө которо билүү;

 

 

Функционалдык милдеттери:

Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин аппаратында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштерди алып барат;

Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорлорун, каттарды, маалыматтарды, жарыяларды, куттуктоолорду, кайрылууларды мамлекеттик тилде даярдайт;

Каракол шаарында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө арналган иш-чараларды даярдоого, өткөрүүгө катышат;

Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясын ишин алып барат;

Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин сессиясынын, Президиумунун, айрым туруктуу комиссиялардын протоколдорун жүргүзөт;

Сессиянын материалдарын көбөйтүүгө, аларды таркатууга жана алардын сакталышын камсыз кылат;

 

Конкурска катышуу үчүн, керектүү документтер топтому өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

- паспорттун көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү);

 

 

- сунуш каттарын (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча);

 

Тапшырылган документтер кайтарылбайт.

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга, конкурска катышууга уруксат берилбейт.

Документтер конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат гезитте расмий жайгаштырылган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнүнүн ичинде, көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилбестен төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Каракол шаарынын мэриясы, Тыныстанов көчөсү, 21, 2-кабат, 3-кабинет,  телефон 03922 5-19-26.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00