Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ысык-Көл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы
Бөлүм:
Кызмат орду: Жетектөөчү адис
Талаптар:

Ысык-Көл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы

Чолпон-Ата шаары                                                           Совет көчөсү №1

 

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалды кызмат жөнүндөгү” мыйзамына ылайык башкармалыктын жетектөөчү адис ваканттык административдик мамлекеттик кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт:

Жетектөөчү адис кызмат ордуна төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар коюлат.

Кесиптик билим денгээли:

- жогорку билимдүү: айыл чарба, экономикалык, айыл чарба багыты боюнча инженер;

Иш стажы жана тажрыйбасы:

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

Кесиптик компетенциясы:

- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Суу жөнүндө”, “Кооперативдер жөнүндө”, “Үрөн жөнүндө”, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана же расмий тилдерди;

билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү

Жетектөөчү адистин негизги функционалдык милдеттери:

- райондук агрардык сектору боюнча анализдөө, ага башка адистер менен баа берүү, көйгөйлүү маселелерди табуу жана аларды чечүү жолдорун көрсөтүп, секториалдык приоритеттүүлөрүн аныктоо.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук  комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды каттоо баракчасы;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчурмөсү нотариустан же иштеген иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);  

- эмгек китепчеси (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

      Талапкерлерден документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Ысык-Көл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгында Чолпон-Ата шаары Совет көчөсү №1 де кабыл алынат.

       Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар (0-3943) 4-21-09 жана  4-33-59.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 2019-12-06 00:00:00