Вакансиялар Чүй облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ысык-Ата айыл өкмөтү Ысык-Ата району
Бөлүм:
Кызмат орду: Мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы жана башка....
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Ысык-Ата айыл өкмөтү төмөндөгү ваканттык административдик муниципалдык кызмат орундарына конкурс жарыялайт: мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы адис-1, мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис-1, салык жана киреше боюнча башкы адис-1 бош  муниципалдык кызмат орундарына конкурс жарыялайт.

 

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылуусун кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
 

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.
 

 

Квалификациялык талаптар:

  1. Мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы адиске:

Билими боюнча:  Ветеринария жана зоотехния боюнча жогорку кесиптик билими, Эмгек стажысы боюнча:1жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык эмгек стажысы, же болбосо 3 жылдык кесиптик эмгек стажысы,

Профессионалдык компетенциясы боюнча:

Билүүсү:мамлекеттик жана расмий тилди, кесибине тийиштүү тармактагы КР мыйзамдарын “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндөгү”, “Ветеринария жөнүндө”, “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө”  билүүсү талап кылынат.

 

Көндүмдөрү:

-маалыматтарды чогултуп,анализдеп, систематизациялоону билүү.

-жергиликтүү жана чет элдик тажрыйбаны өз ишинде колдоно билүүсү.

-коллегалар менен натыйжалуу иш алып баруу.

-иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү.

-иштеги жаңы жагдайларга көнүп кетүү

Өнөрдүүлүк:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөөнү жана иште колдонуу.
  • ишти жумуш убактысында туура бөлүштүрүү.
  • жетекчинин чечимдерин тез арада ишке ашыруу.
  • тийиштүү деңгээлде компьютердик программаларды билүүсү.

Функционалдык-кызматтык милдеттери:

  • мал жана үй канаттуулардын санагын жүргүзөт (форма №3)
  • жылдын жыйынтыгы менен малдын жана үй канаттулардын санагынын жыйынтыгын чыгарат (форма №6)
  • айыл аймак боюнча малды идентификациялоонун маалымат базасын жүргүзөт
  • мал чарбачылыгын жана айыл чараба тармагын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт.
  • агрардык сектор боюнча мониторинг жана анализ жүргүзөт, тийиштүү отчетторун берет, ж.б.

 

  1. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис:

Билими боюнча: экономика жана башкаруу, каржы, салык жана салык салуу тармагындагы жогорку же кесиптик атайын орто билими,

Эмгек стажысы боюнча: эмгек стажысы талап кылынбайт.

Профессионалдык компетенциясы боюнча:

Билүүсү:мамлекеттик жана расмий тилди, кесибине тийиштүү тармактагы КР мыйзамдарын “Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө”, КР Бюджеттик Кодексин билүүсү талап кылынат.

Көндүмдөрү:

-жетекичлердин тапшырмаларын натыйжалуу, так аткаруу

-суроо-талаптарга убагында жооп берүү, маалыматты так, убагында, сапаттуу дайындоо.

- жергиликтүү жана чет элдик тажрыйбаны өз ишинде колдоно билүүсү

-кызматтык милдеттерге ылайык эффективдүү иш алып баруу

- жарандардын кайрылууларына жооп берүү.

-мамлекеттик жана расмий тилде иш-кагаздарын жүргүзүүнү,жазууну билүү.

-бир команда болуп иштөө.

Өнөрдүүлүк:

  • компьютердик программаларды тийиштүү деңгээлде билүүсү талап кылынат
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөөнү жана иште колдонуу.

Функционалдык-кызматтык милдеттери:

-Кыргыз Республикасынын 03.04.2015ж. №72 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык кызматтык милдетттерин аткарат.

-Мамлекеттик сатып алуу боюнча бардык тийиштүү иш-чараларды аткарат жана мамлекеттик сатып алуу боюнча иш-кагаздарын жүргүзөт, конкурстук комиссияга жардам көрсөтөт, тийиштүү отчетторун берет.

 

  1. Салык жана киреше боюнча башкы адис:

Билими боюнча: Салык жана салык салуу, юридикалык, финансы жана экономика боюнча жогорку кесиптик билими,

Эмгек стажысы боюнча:1жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык эмгек стажысы, же болбосо 3 жылдык кесиптик эмгек стажысы

Профессионалдык компетенциясы боюнча:

Билүүсү:мамлекеттик жана расмий тилди, кесибине тийиштүү тармактагы КР Салык Кодексин, “Жарандардын кайрылуулары жөнүндөгү” Мыйзамын  билүүсү талап кылынат.

Көндүмдөрү:

-маалыматтарды чогултуп,анализдеп, систематизациялоону билүү.

-жергиликтүү жана чет элдик тажрыйбаны өз ишинде колдоно билүүсү.

-коллегалар менен натыйжалуу иш алып баруу.

-иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү.

-иштеги жаңы жагдайларга көнүп кетүү

Өнөрдүүлүк:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөөнү жана иште колдонуу.
  • ишти жумуш убактысында туура бөлүштүрүү.
  • жетекчинин чечимдерин тез арада ишке ашыруу.
  • тийиштүү деңгээлде компьютердик программаларды билүүсү.

Функционалдык-кызматтык милдеттери:

-бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча иш алып баруу, көзөмол жүргүзүү

-бюджеттин божомолун түзүү боюнча финансы-экономикалык бөлүм менен биргеликте иш алып баруу

-мыйзам чегинде салыкты төлөбөгөн жактарга чара колдонуу.

-Айылдык Кенешке салык жана киреше боюнча сунуштарды,материалдарды, отчетторду дайындоо, киргизүү

-бюджеттик процесстин ачыктыгын камсыз кылуу

-айыл башчылар жана жарандар менен иштөө

-тийиштүү отчетторду берип туруу

Бардык ваканттык орундарга: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамдарын жана өзүнүн кызматына тийиштүү мыйзамдарды, зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди, компьютердик программаларды билүүсү талап кылынат.

Талап кылынуучу документтер. Конкурска катышуу жөнүндөгү арызы, өздүк баракчасы,өмүр баяны, 2 сүрөт(4х6см), паспортунун көчүрмөсү, күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана билими жөнүндөгү документтеринин көчүрмөсү. Паспорту конкурска келгенде көрсөтүлөт.

            Документтер конкурс жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде төмөнкү даректе айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы тарабынан кабыл алынат :Ысык-Ата айыл өкмөтү, Алмалуу айылы С.Жакишев көчөсү №17, сурап билүү телефону:0704800028.

         

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-06-04 00:00:00
Дата аягы: 2019-06-18 00:00:00