Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөтү
Кызмат орду: жетектөөчү адис
Талаптар:

Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл өкмөтү КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык төмөндөгү кызмат ордуна сынак жарыялайт.

 

Социалдык коргоо боюнча  жетектөөчү адис

кызмат ордуна коюлуучу  квалификациялык талаптар

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик  билим же тийиштүү багыттагы  орто кесиптик билим (физика–математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, медицина, маданият жана искусство, экономика жана башкаруу, тейлөө сферасы, айыл чарба, транспорттук технология жана техника, автоматаштыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”, “Социалдык кызматкер жөнүндө” Мыйзамдардын  билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

- командада иштөө;

- көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян (соттолгондугу же сотолбогондугу жөнүндө маалыматты камтыган);

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 

Талапкерлердин документтери Ырдык айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Ысык-Көл  областы, Жети-Өгүз  району, Балбай  айылы,  Осмон көчөсү № 35 дарегинде жарыя чыккан кундөн баштап   10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: (03946)60-0-50     ( 0701-39-49-07)

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-03 00:00:00
Дата аягы: 2019-05-20 00:00:00