Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору – 1 штаттык бирдик
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим - Аскердик билим берүү  адистиктери боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

            Сынакка катышуу үчүн  документтер:

-бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз конкурсттук комиссиянын төрагасына (контактык телефон номери менен);

-кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен;

-резюме, сунуш каттары, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндөгү тактаманы көрсөтүү менен);

- компьютердик  билими болуусу (word, excel, интернет), компьютердик сабаттуулугу боюнча сертификат же диплом болуусу зарыл.

-билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун, аскер билетинин көчүрмөлөрү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариус тарабынан күбөлөндүрөт).

Документтерди кабыл алуу жарыя гезитке чыккандан баштап 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.

      Дареги:    Аксы району, Үч-Коргон айыл өкмөтү,  Мешков көчөсү.

                        Телефон:      0706 82-89-84;   0778 82-89-84.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-06-17 00:00:00
Дата аягы: 2019-06-28 00:00:00