Вакансиялар Чүй облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин Чүй облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү
Бөлүм:
Кызмат орду: Жетектөөчү адис
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин Чүй облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү бош мамлекеттик жарандык административдик кызмат орунуна сынак жарыялайт:

 

Чүй облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү - Москва районунун жетектөөчү адиси – 1 бош орун (К-А)

 

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

3) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси”.

Квалификациялык талаптар:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Гидромелиорация, гидротехникалык курулуш, курулуш жана өзгөчө кырдаалдар тармагындагы багыттар боюнча жогорку билим;

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

Иш стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Билүү:

- Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Суу жөнүндө” мыйзамдары;

- Кырыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттиги жөнүндө” 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 238 токтому, “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө” Жобо;

- Кыргыз Республикасынын СНиП IV-5-82, гл.5, Кыргыз Республикасынын Госстрой (РДС-12-04:2007, гл.3, п.3.1-3.15), Кыргыз Республикасынын Госстрой НИР-200, Баалардын прейскуранты № 1 тиркемеси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик курулуш жана архитектура инспекциясы тарабынан бекитилген 2000-жылдын 27-июнундагы № 8, “Өндүрүштүк имараттар” (СНиП КР 2001-жылдын 31-майындагы СНиП 2.05.03-84, СНиП 13.01-98, СНиП2. 06.04.-82), Мамлекеттик архитектура боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу комиссиянын токтому менен жактырылган 2001-жылдын 16-апрелиндеги № 62, Кыргыз Республикасынын территориясында курулма, имарат, мекемелерди курулуш наркын аныктоочу көрсөтмө (СНиП 81-01-00, азыркы мезгилде гидротехникалык боюнча СНиП).

3.2. Билгичтиги:

- ПСД сметаны түзүү, чийме чийүү;

- толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жаначиймелер);

- объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү;

- аналитикалык иш кагаздарын түзүү;

- презентация жасоого жөндөмдүү.

3.3 Көндүмдөрү:

- геодезиялык инструменттерде иштөө;

- тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер: жеке арыз (бош орунду көрсөтүү менен), кадрларды каттоо баракчасы сүрөт менен, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, паспорттун көчүрмөсү, керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтер конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып он жумуш күнүнүн ичинде төмөнкү даректе кабыл алынат: Бишкек шаары, 10-кичирайон, Саманчин к. 3, каб.:319. Сурап билүү номери: (0312) 562385, 0770227250.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-06-18 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-01 00:00:00