Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөтү
Кызмат орду: аскердик-эсепке алуу столунун инспектору
Талаптар:

Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү

КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө мыйзамына ылайык төмөндөгү кызмат ордуна  сынак жарыялайт.

 

Жерге-Тал  айыл өкмөтүнүн аскердик-эсепке алуу  столунун инспектору кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

 1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (гуманитардык, экономика жана башкаруу, айыл чарбасы, эсептөө  техникасы жана информациялык технологиялар, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометрология, табият таануу илимдери)                

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы, КР “Жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жана  альтернативдик кызматты өтөө жөнүндө” Мыйзамын.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

 Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;
  • кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян (соттолгондугу же сотолбогондугу жөнүндө маалымат камтыган);
  • 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;
  • паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);
  • билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү бар болсо (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  чыккандан  баштап 10 жумушчу  күнгө   чейин  Ак-Талаа  районунун  Жерге-Тал   айыл өкмөтүндө  кабыл  алынат. Дареги: Чолок-Кайын айылы Капар  көчөсү  №18.  Толук маалымат www.mkk.gov.kg сайтында. Сурап  билүү  телефондору: (03537)  60-7-43, 0700 490-863

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-06-18 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-01 00:00:00