Вакансиялар Баткен облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү
Бөлүм: Ыйгарым укуктуу өкүлдүн Аппаратынын жетекчиси
Кызмат орду: Ыйгарым укуктуу өкүлдүн Аппаратынын жетекчиси
Талаптар:

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн Аппаратынын жетекчиси  административдик мамлекеттик бош кызмат оруну үчүн квалификациялык талаптар

 

Аппарат жетекчиси

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, айыл чарба, техникалык  жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү жогорку билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

- жетекчилик иштеги тажрыйбасы (мүмкүн болсо) үч жылдан кем эмес.

  1. Кесиптик компетенциялары:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актылары  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актылары:

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” жөнүндө конституциялык мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” “;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

Ыктуулугу:

- иштин приоритеттүү багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүмдөрдүн проблемаларын чечүүгө ыкмаларды талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг, контроль жүргүзүү жана интеграциялоо.

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында ачып көрсөтүү жана чечүү;

- коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу пландоо;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Көндүмдөр:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу (карамагындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көрө билүүлөрүн өзүнүн карамагындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

- маалыматты талдоо, системалоо жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү, элдин алдында чыгып сүйлөөлөрдү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;

компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.

Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:

  • Конкурстук комиссиянын атына арыз;
  • Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы сүрөтү менен;
  • Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Резюме;
  • Паспорттун көчүрмөсүн;
  • Дипломдун көчүрмөсү, мамлекеттик нотариалдык тастыкталган ;
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариалдык тастыкталган;
  • Квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү (эгерде болсо);
  • Компьютердик билимин тастыктаган документтер(бар болсо);
  • Сунуш каттарын (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча).

Керектүү документтерди 2019-жылдын  8-июль күнү саат 18.00гө чейин төмөндөгү дарек боюнча тапшырсаңыздар болот.

720100, Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү-1, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Баткен областындагы өкүлүнүн уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүнүн укуктук камсыздоо жана кадрлар сектору. Байланыш телефону: 5-01-54; 0779-510055.

Конкурстун экинчи  этабы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имаратынын экинчи кабатында тестирлөө борборунда болуп өтөт. Ал эми экинчи  этабынан өткөн катышуучуларга кошумча маалыматтар берилет.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-06-24 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-08 00:00:00