Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жети-Өгүз району Ак-Шыйрак айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: айыл өкмөтү
Кызмат орду: Жооптуу катчы
Талаптар:

Жети-Өгүз району Ак-Шыйрак айыл аймагынын айыл өкмөтү 

Ак-Шыйрак айыл аймагынын айыл өкмөтү   Жооптуу катчы бош  кызмат орду  сынак жарыялайт:

                               Коюлуучу  квалификациялык талаптар:

  • кесиптик билимдин деңгээли:

-тийиштүү  багыттагы жогорку  билим (физика–математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, маданият жана искусство, экономика жана башкаруу, тейлөө сферасы, айыл чарба, автоматаштыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар )

 2) иш стажы жана тажрыйбасы:

-жалпысынан 3 жыл дан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же  тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы

 3) кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын ,ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды ,Кыргыз Республикасынын   “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, КР “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамын, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706” Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому , 2003 ж 24 июлундагы №462” Эмгек китепчелеринин формасын ,эмгек китепчелеринин кошумча барак формасын жана эмгек китепчелерин жүргүзүү тартиби бекитүү жөнүндө токтомун билүү.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана-же расмий тилдерди билүү;

 -функционалдык милдети

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

- Конкурстук комиссиянын атына жазылган жеке арыз;

-кадрларды каттоо баракчасы,

- 3х4 өлөмүндөгү 2 даана  сүрөт,

-Паспортунун көчүрмөсү (оргиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт),

 - Жогорку же кесиптик билимин тасттыктаган  дипломдун көчүрмөсү ( нотариалдык мекемелер тарабынан күбөлөндүрүлүп, ырасталышы керек) ,

 эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( нотариалдык мекемелер тарабынан күбөлөндүрүлүп, ырасталышы керек).

Талапкерлерден документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде  кечки саат 17,00 чейин  төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет. 

Жети-Өгүз району,    Кызыл-Суу айылы,   Конкино көчөсү  № 57/14

тел:      0 (3946) 52-3-04, 0700-91-59-01.

 

Эскертүү:

 Айыл өкмөтүнүн аймагы дениз денгээлинен 3200-3500м жайгашкандыгы эске алынсын

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-06-24 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-05 00:00:00