Вакансиялар Чүй облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Москва району Александровка айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: аскердик каттоо бөлүмүнүн инспектору
Талаптар:

Александровка айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Мамалекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык бош административдик муниципалдык кызмат орун аскердик каттоо бөлүмүнүн инспекторуна сынай  жарыялайт:

Квалификациялык талаптар:

Кесиптик билимдин деңгээли: жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим;

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

        Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “КыргызРеспубликасынынжарандарынынжалпыгабирдейаскердикмилдетижөнүндө, аскердикжанаальтернативдиккызматтаржөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: өздүк арыз, кадрларды катоо боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен, билими тууралуу диплом ( нотариус менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү), өмүр баян, резюме, паспорттун көчүрмөсү, эмгек китепчеси (нотариус менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

Документтер жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Суроолор боюнча кайрылуу дареги: Москва району, Александровка айылы,               Фрунзе көч.84, тел.:03131 6-99-96

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-06-28 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-11 00:00:00