Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ала-Бука району Ала-Бука айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Салык жана кирешелер боюнча адис (1 штаттык бирдик)
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактарында)

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

Билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө;

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык каражаттарды колдоно билүү.

 

 

 

  1. Талап кылынуучу документтер:
  2. Жумушка кабыл алуу комиссиясынын атына арыз.
  3. Өздук баракча суроту менен.
  4. Паспортунун көчүрмөсү.
  5. Дипломдун нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү.
  6. Эмгек китепчесинын нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү же мурда иштеген жеринен аныктама.
  7. Өмур баян (cоттолбогондугун көрсөтүү менен).

Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл   алынат: Ала-Бука айылы, М. Мамырбеков көчөсү, 52-үй.

Кошумча маалыматтар үчүн байланыш   телефондору:   (03741) 50013, 0778751184

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-07-15 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-26 00:00:00