Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм: Социалдык саясат сектору
Кызмат орду: Секторунун башчысы
Талаптар:

Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык саясат  секторунун башчысы кызмат ордуна

 

  1. кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү  багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу илимдери, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу, тейлөө сферасы).

  1. иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы

  1. кесиптик компетенциялары:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

- Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», КР «Мамлекеттик  тил жөнүндө», «Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө», «Мамлекеттик тил жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө», «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» ,«Гендердик саясат жөнүндө»Мыйзамдарын, КРӨнүн 23.07.2012ж. № 517 токтому «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча  Типтүү нускама

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

            - көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Сектор башчысынын милдеттери

- сектордун жалпы ишине жетекчилик кылат, секторго жүктөлгөн тапшырмалардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат, сектордун  кызматкерлеринин милдеттерин бөлүштүрөт, келип түшкөн иш кагаздарын  кызматкерлерге аткарууга  бөлүштүрөт, сектордогу тартипти көзөмөлдөйт, иш кагаздарынын туура алып барылышына жооп берет;                                                                            

- сектор кураторлук кылган  тармактарды өнүктүрүүгө приоритеттүү багыттарды иштеп чыгуу боюнча бөлүмдүн  ишин уюштурат жана координациялайт,

– сектордун  кызматкерлери тарабынан  раймамадминистрация башчысы-акимдин, акимдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин тапшырмаларынын жана башка сектордун компетенциясына кирген башка маселелердин   так аткарылышына  жоопкерчиликтүү;                                                                                    

  -раймамадминистрациянын коллегияларынын отурумдарына, раймамадминистрация башчысы-акимдин, акимдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин кенешмелерине катышат;

- керек учурда айыл өкмөттөрдүн,  райондук  мекеме-уюм,  ишканалардын, жана башка аткаруу бийлигинин органдарынын кызматкерлерин раймамадминистрацияда каралуучу маселелерди даярдоого катыштырат, сектордун компетенциясына тиешелүү отчетторду угат;                                                

- сектор кураторлук кылган мекеме, ишканалардын иш деңгээлин жогорулатууга маалымат булактарын жана сунуштарды даярдоо үчүн, мекеме, ишканалардын учурдагы абалын аныктайт;                                                                           

- кураторлук кылган мекеме, ишканалардын коллегиясынын ишине жана кеңешмелерине катышат;                                                                                                       

- сектордун  айлык, кварталдык иш планын түзөт.

 

Конкурска катышууга керектүү документтер:

- өздүк арызы

- кадрларды каттоо баракчасы

- сүрөт 3х4 (2 даана)

- паспорттун, эмгек китепчесинин жана дипломунун көчүрмөсү (нотариалдык тастыктамасы менен)

- соттолбогондугу тууралуу маалымдама

- сунуштама (3 даана)

 

Документтер  газетасына жарыялангандан кийин 10 (жумушчу) күндүк мөөнөттө төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.

Теплоключенка айылы, Ленин көчөсү  № 154, 3-этаж, кабинет №1 жана № 2

Тел: (03948) 91-0-59, 91-8-48

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-07-01 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-14 00:00:00