Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нарын шаардык мэриясы
Бөлүм: Нарын шаардык мэриясы
Кызмат орду: башкы адис
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын «Мамлекттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жɵнүндɵ» Мыйзамына ылайык Нарын шаардык мэриясы

Конкурс жарыялайт

Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси

Кесиптик билимдин деӊгээли:

-экономика жана башкаруу багытындагы жогорку билим (экономика, менеджмент, коммерция, соода иши, бизнес информатика, логистика, бизнес башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг);

-физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика жаатындагы жогорку билим (математика, колдонмо математика жана информатика, маалымат технологиялары).

Иш стажы жана тажрыйбасы:

-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чɵйрɵдɵ 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

тɵмɵнкүлɵрдү билүү;

-Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

-Кыргыз Республикасынын Бюджет, Салык кодекстерин, «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” №1480-XII, “Мамлекеттик статистика жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдарды жана негизги ченемдик укуктук актыларды  билүүсү:

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кɵлɵмдɵ мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү зарыл.

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Кɵндүмдɵрү:

-ченемдик-укуктук актылар менен иштɵɵ жана аларды иш жүзүндɵ колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу ;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

Негизги функционалдык милдеттери:

-Бөлүм башчы жок болгон учурда анын кызматтык милдеттерин аткарат;

-Жетекчилердин берген көргөзмөсүнө ылайык белгиленген мөөнөттө документтердин аткарылышын камсыз кылат жана берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткарат;

-Нарын шаарынын мэри, 1-вице-мэри, аппарат жетекчиси жана сектор башчысы ага жүктөгөн башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт;

Төмөндөгү тармактардын ишин көзөмөлдөйт, биргелешип иш алып барат:

-Шаардык финансы бөлүмү;

-Шаардык казына бөлүмү;

-Шаардык салык башкармасы;

-Шаардык муниципалдык менчик департаменти;

-Шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы;

-Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасы;

-Айлана-чөйрөнү коргоо башкармасы;

-Орто жана чакан ишкердик жүргүзгөн түзүмдөр, соода тармактары (базар, дүкөн, павильон, мейманкана, кафе, мончо, май куйуучу жайлар, калкты тейлөө пункттары) менен иш алып баруу;

-Бүткөн курулуш обьектилерин кабыл алуу комиссиясы менен иштөө;

-Стимулташтыруучу гранттар менен иш алып баруу.

Талап кылынуучу документтер:

-сынакка катышуу үчүн жеке арызы;

-резюме;

-кадрларды каттоо боюнча баракчасы сүрɵтү менен;

-кесиптик билимин, эмгек стажысын жана квалификациясын ырастаган документтердин күбɵлɵндүрүлгɵн кɵчүрмɵсү;

-Паспорттун же инсандын ким экендигин ырастаган документтин кɵчүрмɵсү (түп нускасы конкурска келгенде кɵрсɵтүлɵт).

Кɵрсɵтүлгɵн талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынакка киргизилбейт. Тийиштүү документтер жарыя гезитке чыккан күндɵн баштап Нарын шаардык мэриясына 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.

Дареги: Нарын шаары, Ленин кɵчɵсү 74, тел : (03522) 5-06-76.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-07-02 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-15 00:00:00