Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нарын районунун Сары-Ой айыл өкмөтү
Бөлүм: айыл өкмөтү
Кызмат орду: мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы адис
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык Нарын районунун Сары-Ой айыл өкмөтүнүн малчарбачылык жана ветернария боюнча башкы адис кызмат ордуна сынак жарыялайт

 

квалификациялык талаптар

 1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим (айыл чарбасы)                

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды; КР “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарбасын өнүктүрүү” Мыйзамын, КР “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамын.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 

Документтер Нарын районунун Сары-Ой   айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө Жылан- Арык  айылы,  А.Шымыкеев    көч № 8   массалык маалымат каражатына  чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн www. mkk.gov.kg. сайтына кайрылсаңыз болот.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-07-09 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-22 00:00:00