Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: айыл өкмөтү
Кызмат орду: жоопту катчы
Талаптар:

Ак-Талаа районунун Көк-Жар  айыл аймагынын айыл өкмөтү КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө Мыйзамына ылайык, жоопту катчы муниципалдык административдик ваканттык кызмат ордуна сынак жарыялайт.

 

Жооптуу  катчы  кызмат ордуна коюлуучу  квалификациялык  талаптар

 1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик, муниципалдык башкаруу, социалдык-гуманитардык, экономикалык, айыл-чарба, техникалык).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, КР Эмгек  кодексин, КР Жер  кодексин,  КР Администрациялык  жоопкерчилик жѳнүндѳ кодексин, КР “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамын, КР “Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” Мыйзамын, КР “Нотариат жөнүндө” Мыйзамын, КР “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамын, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген КР мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосун, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген КР мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобону, КРӨнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131КР мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин балоо жана эмгек акы төлөөнүн шартары жөнүндө токтомун. 

адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян (сотолбогондугу жөнүндө маалымат камтыган);

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 

Документтер Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылы Кубатаалы көчөсү №63 дарегинде Көк-Жар айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө, жарыя массалык маалымат каражатарына чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн www. mkk.gov.kg. сайтынан жана төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 03537 6-00-73, 0708 08-41-81

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-07-09 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-22 00:00:00