Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтү
Бөлүм: айыл өкмөтү
Кызмат орду: маалыматтык компьютердик-технологиялар боюнча адис
Талаптар:

Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтү КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык төмөндөгү кызмат орунга  сынак жарыялайт.

 

Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн маалыматтык компьютердик-технологиялар боюнча адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамын, КР “Мамлекеттик сатып алуулар” Мыйзамын, КР “Электрондук цифралык колтамга тууралуу” Мыйзамын, КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян (сотолбогонду же соттолбогондугу  жөнүндө маалымат камтыган);

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 

Документтер Ат-Башы районунун Калинин айылы Т.Алмакунов көчөсү №28дарегинде Ак-Талаа айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө, жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккандан баштап 10 жумушчу күндүн ичинде  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн www mkk.gov.kg сайтынан жана төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 0709 476-337

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-07-09 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-22 00:00:00