Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
Бөлүм: Социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмү
Кызмат орду: жетектөөчү адис
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык, төмөндөгү  административдик бош кызмат ордуна конкурс жарыяланат

Социалдык өнүктүрүү  жана мониторинг бөлүмүнүн жетектөөчү адис кызмат ордуна:

Квалификациялык талаптар:

       -   мамлекеттик муниципалдык башкаруу,  гуманитардык багыттагы жогорку билим,  социалдык багыттагы жогорку билим,  педагогикалык багыттагы жогорку билим, саламаттыкты сактоо багыттагы жогорку билим ,  экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим,  эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багытындагы  жогорку билим , тейлөө сферасы багытындагы  жогорку билим,  маданият жана искусство багытындагы  жогорку билим, табият таануу илимдери багытындагы  жогорку билим,  физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика багытындагы жогорку билим  

 - кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

-компьютерде иштей билүүсү;

- КР «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө»,  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө, «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» , “Жаштар саясаты жөнүндө” Мыйзамдарын,  КРӨнүн 23.07.2012ж. № 517 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча  Типтүү нускаманы;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

 Талап кылынуучу документтер:

- конкурстук комиссияга арыз;

- өздүк баракча (3х4 сүрөтү менен);

- резюме;

- өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондогу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- паспорттун көчүрмөсү;

- билимин, эмгек стажысын жана квалификациясын аныктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин түп нускасы сынакка келгенде өзү тарабынан көрсөтүлөт);

            Көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка киргизилбейт.

            Документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлар секторуна жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумуш күнгө чейин кабыл алынат.

Дареги: 722900, Нарын шаары, Ленин көчөсү 76,  тел. 5-04-84.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-07-09 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-22 00:00:00