Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Жер жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адис (1 штаттык бирдик)
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим - Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, Юриспруденция, Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Техникалык, Айыл чарба  багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Айыл чарба багытындагы жер тилкелерин сатуу-сатып алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» 2001-жылдын 13-августундагы №427 токтому.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Сынака катышу үчүн документтер:

-бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз(контактык телефон номери менен);

-кадрларды каттоо баракча, сүрөтү менен;

-паспорттун көчүрмөсү(паспорттун ким экендигин тастыктаган документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырган учурда ,ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт)

-резюме, сунуш каттары (сунуш каттары  мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен).

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан компетенттуу мамлекеттик органдардан талапкердин соттолбогондугу жөнүндө маалымкат талап кылынат.

-билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт),

Документтерди кабыл алуу жарыя гезит бетине чыккандан баштап 10 күн жүргүзүлөт.

Дареги Кара-Жыгач айылы,тел.: 60491

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-07-15 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-26 00:00:00