Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Экономист-статист ( адис) кызматы боюнча 1(бир) бош орун
Талаптар:

Квалификациялык талаптар:

1.Кесиптик билими:

-жогорку билим же орто кесиптик билим-финансы-экономикалык багыты жана мамлекеттик муниципалдык башкаруу,юриспруденция,айыл чарба,ветеринардык,гуманитардык,табигый илимдер,техникалык,курулуш.энергетика багыттары  боюнча.

2.Стажга жана адистик боюнча иш тажрыйба:

-иш стажына талап коюлбайт.

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

-Төмөнкүлөрдү билүү:КРнын жалпы мыйзамдарын

-КРнын Конституциясын;

-КРнын “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү”мыйзамын;

-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодексин;

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

-КРнын “Мамлекеттик статистика жөнүндө”;

“Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамдарын билүүсү;

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди,маалыматтарды,суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө;

 

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын,зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү:

Функционалдык милдеттери:

  • алдыдагы жылга жана орто мөөнөттүү (үч жылга) келечекке аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын түзүү үчүн маалыматтарды даярдайт;
  • айыл аймактагы жеке секторду өнүктүрүү багытында жеке ишкерлердин иш-аракетине комплекстүү экономикалык талдоо жүргүзөт жана алар менен иш алып барат;
  • айыл аймагынын экономикалык болжолдоо көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына контроль жүргүзөт жана айыл аймактагы жайгашкан мекеме-ишканалардын иштеринин өндүрүштүк жана техника-экономикалык көрсөткүчторүнүн эсебин алат,алардын негизинде райондук статистика башкармалыгына социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча маалымат жеткирет;
  • айыл аймакты ар тараптан онүктүрүү боюнча инвестицияларды тартуу үчүн тиешелүү долбоорлорду даярдайт;
  • ФЭбнүн башчысынын бөлүмгө тиешелүү тапшырмаларын аткарат.

Сынакка катышуу үчүн документтер:

-бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арызы (контактык телефон номери менен);

-өз колу менен толтурулган кадрларды эсепке алуу боюнча баракча,сүрөтү менен;

-резюме,сунуш каттары,өмүр баяны (соттолбогону тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);

-билими жөнүндө,квалификациясын жогорулаткандыгы,илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү,эмгек китепчесинин,паспорттун көчүрмөлөрү,аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

-1 көктөмө.

Документтерди кабыл алуу жарыя гезит бетине чыккандан баштап 10 жумушчу  күн ичинде жүргүзүлөт.

Дареги: Жерге-Тал айылы,А.Сармырзаев көчөсү №62,Жерге-Тал айыл өкмөтү.

тел. 6-05-92 ,моб.тел 0771-00-17-75

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-07-15 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-26 00:00:00