Вакансиялар Чүй облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Александровка айыл окмоту Московского района
Бөлүм:
Кызмат орду: аскердик каттоо бөлүмүнүн инспектору
Талаптар:

Александровка айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык бош административдик муниципалдык кызмат орун аскердик каттоо бөлүмүнүн инспекторуна сынак жарыялайт:

Квалификациялык талаптар:

Кесиптик билимдин деңгээли: жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим;

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

        Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “КыргызРеспубликасынынжарандарынынжалпыгабирдейаскердикмилдетижөнүндө, аскердикжанаальтернативдиккызматтаржөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: өздүк арыз, кадрларды катоо боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен, билими тууралуу диплом ( нотариус менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү), өмүр баян, резюме, паспорттун көчүрмөсү, эмгек китепчеси (нотариус менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү), КР ИИМ маалымат борборунан алынган соттолбогондугу тууралуу маалым кат.

Документтер жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Суроолор боюнча кайрылуу дареги: Москва району, Александровка айылы,               Фрунзе көч.84, тел.:03131 6-99-96

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-10-22 00:00:00
Дата аягы: 2019-11-04 00:00:00