Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: айыл өкмөтү
Кызмат орду: киреше боюнча башкы адис
Талаптар:

Ак-Талаа  районунун  Кызыл-Белес  айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына  ылайык  төмөндөгү бош  административдик муниципалдык кызмат  ордуна  сынак жарыялайт.

 

Кызыл-Белес  айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, гуманитардык).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Салык кодексин, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян (сотолбогондугу жөнүндө маалымат камтыган);

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

Документтер Ак-Талаа районунун Кадыраалы айылы Н.Кулназаров көчөсү №71 дарегинде Кызыл-Белес айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө, жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 03537 6-05-50, 0702 60-26-63

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-12-03 00:00:00
Дата аягы: 2019-12-16 00:00:00