Жайыл районунун, Сосновка айыл өкмөтү

Жайыл районунун Сосновка айыл өкмөтү кенже топтогу кызмат орундарына дайындоо  үчүн кадрлар резервине талапкерлерди киргизүү үчүн конкурс жарыялайт.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек.

  • административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
  • жогорку билим төмөнкү багыттар боюнча:

экономика жана башкаруу, финансы, архитектура жана курулуш , техникалык жана табигый илимдер жаатында;

  • саламаттыкты сактоо, педагогика, коомдук жана гуманитардык илимдер жаатында;
  • иш стажына талап коюлбайт;
  • Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөндөгүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет.

Аскерге каттоо инспектору(Кенже кызмат- М-Б)

  1. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Мыйзамы.
  2. кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку же болбосо орто кесиптик билим.

  1.  стажы жана иш тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер керектелет:

  • жеке арыз;
  • резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян(соттолгон же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен).
  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
  • окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү(бар болсо);
  • паспорттун көчүрмөсү

Документтерди тапшыруу мөөнөтү 2023-жылдын 23-июнунан  06-июлуна саат 17.00 чейин кабыл алынат

папкага тиркелген документтерди Сосновка айыл өкмөтүнө төмөнкү дарек боюнча тапшыруу зарыл.

Сосновка айылы, Фрунзе көчөсү, 81

Байланыш телефондору 0707806700

От СМРУ

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *