Чүй облусунун Москва районунун Целинный айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундарынын төмөнкү топтору боюнча Целинный айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт:

— административдик муниципалдык бош кызмат орундарынын улук тобунун ээлөөсүнө

— административдик муниципалдык бош кызмат орундарынын кенже тобунун ээлөөсүнө

Целинный айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

  1. Кыргыз Республикасынын жараны болушу;
  2. Кеминде 18 жашта болушу;
  3. Кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү.

Талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

  1. Административдик муниципалдык орундарынын улук тобу үчүн:

— тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим;

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиби чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

— негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;

— КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
— предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:

— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы.

  1. Административдик муниципалдык орундарынын кенже тобу үчүн: — тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку же болбосо орто кесиптик билим;    — иш стажына талаптар коюлбайт;                                                                                                          — негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:                                                       — Кыргыз Республикасынын Конституциясы;                                                                                           — Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;                                                                                                                                     — предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:                                                    — КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;                                                                                                                             — Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы.

 

Тандоого катышуу үчүн папкага тигилген төмөнкү дөкументтер тапшырылат:

  • административдик муниципалдык кызмат тобун көрсөтүлгөн өзүнүн арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
  • өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ( бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү;

      Документтер Москва району, Кыз-Моло а., Центральная к. 1 Целинный айыл өкмөтүнүн имараты дарек боюнча 2023-ж. 9-декабрынан баштап 19-декабры саат 17.00го чейин кабыл алынат. Байланыш телефон 03131 7-11-80, 0702087541

 

 

 

От СМРУ

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *