Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Шопоков шаарынын мэриясынын кадрлар резервинин конкурсуна:

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн коюлган квалификациялык талаптар.

Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы (Улук кызмат С-А)

  • кесиптик билимдин деңгээли:
  • экономика жана финансы, салыктар боюнча багыттагы жогорку билим.
  • иш стажы жана тажрыйбасы:
  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
  • Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү:
  • КР Конституциясы, КР Эмгек Кодекси, КР “Бюджеттик Кодекси”, КР “Салык Кодекси”, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, КР “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамы.

Киреше боюнча башкы адис (Улук кызмат С-Б);

  1. Кесиптик билим деңгээли:

-төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик же болбосо орто кесиптик билими:  Экономика жана башкаруу, финансы, юриспруденция, салык жана салык салуу багытындагы

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

—  иш стажына талаптар коюлбайт

  • Профессионалдык компетенциялар:

Билим:

  • Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жѳнүндѳ» Кодекси;

 Билгичтиги:

  • өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик тилди билүү;
  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • командада иштөө:

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Чыгаша боюнча башкы адис (Улук кызмат С-Б)

1.Кесиптик билим деңгээли:

  • кесиптик багыты боюнча жогорку билим
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
  1. Профессионалдык компетенциялар:

Билим:

  1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамы;
  2. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы

Билгичтиги:

  • өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик тилди билүү;
  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Жер суроолору боюнча башкы адис (Улук кызмат С-Б)

  • кесиптик билимдин деңгээли:
  • геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, топурак таануу, картография, агрономия, айыл чарба, зоотехника, юриспруденция багыттары боюнча жогорку билим.
  • иш стажы жана тажрыйбасы:
  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Социалдык маселелер жана мамлекеттик тил боюнча башкы адис (Улук кызмат С-Б)

  • кесиптик билимдин деңгээли:
  • муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (гуманитардык, социалдык, мамлекеттик муниципалдык башкаруу багыттары боюнча жогорку билим).
  • иш стажы жана тажрыйбасы:
  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Мамлекеттик сатып алуулар, инвестиция тартуу, жаштар саясаты жана спорт боюнча башкы адис (Улук кызмат С-Б)

  • кесиптик билимдин деңгээли:
  • муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (экономикалык, гуманитардык, социалдык, мамлекеттик муниципалдык башкаруу багыттары боюнча жогорку билим).
  • иш стажы жана тажрыйбасы:
  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн коюлган квалификациялык талаптар.

Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жетектөөчү адис, аскердик каттоо столунун инспектору (Кенже кызмат М-Б)

  • кесиптик билимдин деңгээли:
  • муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (экономикалык, гуманитардык, социалдык, мамлекеттик муниципалдык башкаруу багыттары боюнча жогорку билим же орто кесиптик билим).
  • иш стажысына талаптар коюлбайт.

Чыгымдар боюнча жетектөөчү адис (Кенже кызмат М-Б)

  • кесиптик билимдин деңгээли:
  • экономика жана финансы, салыктар багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик билим.
  • иш стажысына талаптар коюлбайт.

Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис (Кенже кызмат М-Б)

  • кесиптик билимдин деңгээли:
  • экономика жана финансы, салыктар багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик билим.
  • иш стажысына талаптар коюлбайт.

Социалдык коргоо жана укуктук маселелер боюнча жетектөөчү адис (Кенже кызмат М-Б)

  • кесиптик билимдин деңгээли:
  • муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (экономикалык, гуманитардык, социалдык, мамлекеттик муниципалдык башкаруу багыттары боюнча жогорку билим же орто кесиптик билим).
  • иш стажысына талаптар коюлбайт.

Муниципалдык менчик, турак-жай коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис (Кенже кызмат М-Б)

  • кесиптик билимдин деңгээли:
  • муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, топурак таануу, картография, агрономия, айыл чарба, зоотехника, юриспруденция, экономикалык, гуманитардык, социалдык, мамлекеттик муниципалдык башкаруу багыттары боюнча жогорку билим же орто кесиптик билим).
  • иш стажысына талаптар коюлбайт.

Уюштуруу жана маалымат боюнча адиси (Кенже кызмат М-Б)

  • кесиптик билимдин деңгээли:
  • муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (экономикалык, гуманитардык, социалдык, мамлекеттик муниципалдык башкаруу багыттары боюнча жогорку билим же орто кесиптик билим).
  • иш стажысына талаптар коюлбайт.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;2) 18 жаштан жаштан жогору;3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө;4) соттулугу жок.

Сынакка катышуу үчүн керектелүүчү документтер:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди 2024-жылдын  13-февралынан 28-февралына чейин саат 9-00 дан  17:00 гө чейин тапшыруу керек.

Дареги: Чүй облусу, Сокулук району, Шопоков шаары, Ленин көчөсү №21, Шопоков шаарынын мэриясынын административдик  имараты.

Телефон: 0 (3134) 5-84-30

От СМРУ

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *