Жайыл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция
башкармалыгы (мындан ары – ЖРЭСКМБ), Сиздердин сайтыныздарда
ЖРЭСКМБнын кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак өткөрүүгө төмөнкү
мазмуундагы жарыяны жайгаштырууну суранат:
-Жайыл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция
башкармалыгы (мындан ары – ЖРЭСКМБ), кенже административдик
мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак
жарыялайт.
Кызмат орундарына коюлуучу талаптар:
-КР 21 жаштан кем эмес жараны;
-жогорку билимдүү (экономика жана башкаруу, гуманитардык жана социалдык
илимдер, юриспруденция).
Иш стажы жана тажрыйбасы:
-Иш стажына коюлуучу талап жок.
Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына билүүгө
зарыл Мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы (27.10.2021-ж. №125);
— КР Өкмөтүнүн №120 Токтому менен бекитилген 03.03.2020-ж. иш-
кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү инструкциясы;
— КР “Кыргыз Республикасындагы жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы
(28.07.2017-ж. №163);Кол койгон: Баймонкоев А.С., 21.08.2023Чыг. № 03/1005, 21.08.2023
— “Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө Кодекси” (10.07.2012-ж.
№100);
— -КР “Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери
жөнүндө” Мыйзамы (19.12.2001-ж. №111);
— “ Жөлөкпулдарды жана акчалай компенсациаларды төлөө ирээти жөнүндө
Жобону бекитүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн Токтому (29.12.2006-ж. №823);
— КР “Калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы
(03.08.2015-ж. №124).
Билгичтиги жана көндүмдөрү:
— иш-кагаздарын, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу
дайындоо;
— кызматтык кат алуушуларды мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүү;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопту дайындоо;
— нормативдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада
колдонуу;
— компьютер жана оргтехникалык менен билимдүү колдоно билүү;
— командада иштөө.
Сынакка катышууга зарыл документтер:
— өздүк арыз;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат менен);
— билими жөнүндө документтердин көчүрмөсү — нотариус аркылуу же акыркы
иш ордунан күбөлөндүрүлгөн;
— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгон убакта) — нотариус
аркылуу же акыркы иш ордунан күбөлөндүрүлгөн;
— пасторттун көчүрмөсү.
Документтер 2023-жылдын 23-августунан 6-сентябрына чейин төмөнкү
дарек боюнча кабыл алынат:
Жайыл району Кара-Балта шаары Кожомбердиев көч. 67.
Жайыл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция
башкармалыгы №9-каб. Тел: (03133) 4-71-78, 3-64-82

От СМРУ

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *