Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаев Ысык-Көл обулусунун Түп районуна жумушчу сапар менен барды
 
Сапардын негизги максаты, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 414 “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгын аткарууда, аталган жарлыкты иш жүзүнө ашырууда жана жүктөлгөн тапшырмаларда каралган максаттардын жүйөлөнүшү, жергиликтүү бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттеги иштери менен жеринде таанышуу болуп эсептелет.
Түп районунун Ысык-Көл, Карасаев, Каркыра, Түп, Балбай айыл аймактарындагы жергиликтүү активдер менен жолугушуу учурунда Агенттиктин директору Э.Н. Джантаев: “Реформанын максаты жаңы түзүлгөн айыл аймагына кирген айылдардын приоритеттерин тактап алып бирдей өнүгүү жолуна түшүү” экендигин баса белгилеп жатты.
Ошондой эле, Түп райондук администрациясына дагы барып жергиликтүү бийликтин административдик аймактык реформа жүргүзүүдөгү иштери менен таанышып, сунуш, пикирлерин айтып, ыкчам ишке ашуурчу маселерге кайсылар кирерин билдирди.
Жогорудагы жарлыктын негизинде Түп районундагы 13 айыл өкмөтү пилоттук административдик аймактык реформага ылайык , 5 айыл өкмөтү болуп бириктирилген. Тактай кетсек, Кудургу, Ак-Булак, Ак-Булуң, Сары-Булак айыл өкмөттөрү биригип «Балбай Баатыр» айыл өкмөтү, Михайловка, Ысык—Көл,Тогуз-Булак айыл өкмөттөрү биригип, «Ысык—Көл» айыл өкмөтү деп түзүлсө калган айыл аймактары бириктирилип Карасаев, Каркыра айыл өкмөтү болуп кайра түзүлдү. Мындан Түп айыл өкмөтү гана өзгөрүүсүз калтырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *