Директор Государственного агентства по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики Эльчибек Джантаев проводит приём граждан в Общественной приёмной
В ходе приёма были рассмотрены обращения граждан по вопросам прохождения государственной и муниципальной службы, кадровым вопросам, деятельности органов местного самоуправления и другим актуальным вопросам.
Одним из основных вопросов, поднятых гражданами, стало обращение по вопросу исчисления трудового стажа и пенсионного обеспечения сотрудника Токмокского городского отдела Государственной регистрационной службы при Правительстве Кыргызской Республики.
Также был рассмотрен вопрос бывшего муниципального служащего города Токмок, связанный с прохождением государственной службы, и даны соответствующие разъяснения.
Кроме того, житель Московского района Чуйской области обратился по вопросу земельных отношений в айыл аймаке, обозначив предложения по его решению.
Директор Агентства Э.Н. Джантаев внимательно выслушал обращения граждан и поручил руководителям соответствующих подразделений и ответственным сотрудникам рассмотреть их в установленном законодательством порядке, а при необходимости оказать практическую помощь.
Руководитель считает одним из приоритетных направлений своей деятельности обеспечение открытости и доступности работы с обращениями граждан, а также защиту их прав и законных интересов.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев Коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алууда.
Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өтөө, кадрдык маселелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү жана башка кайрылуулары каралды.
Жарандар тарабынан көтөрүлгөн негизги маселелердин бири — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Токмок шаардык бөлүмүндө иштеп жаткан кызматкердин эмгек стажын эсептөө жана пенсиялык маселелер боюнча кайрылуусу болду.
Ошондой эле Токмок шаарындагы мурдагы муниципалдык кызматкердин мамлекеттик кызматка байланыштуу маселеси каралып, тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди.
Мындан тышкары, Чүй облусунун Москва районунун тургуну айыл аймагындагы жер маселеси боюнча кайрылып, маселени чечүү боюнча сунуштарын билдирди.
Агенттиктин директору Э.Н. Джантаев жарандардын кайрылууларын кунт коюп угуп, тиешелүү жетекчилерге жана жооптуу кызматкерлерге мыйзам чегинде кароо, зарыл болгон учурда практикалык жардам көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Жетекчи жарандардын кайрылууларын ачык жана жеткиликтүү кароону, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону өз ишинин маанилүү багыттарынын бири катары эсептейт.
