Япония өлкөсүнө кыска мөөнөттүү окуу курсуна катышуучуларды тандоо боюнча сынак жарыяланат
2027-жылдын 1-февралдан 6-мартка чейин Японияда англис тилинде өтө турган «Capacity Building for ICT Project Formulation (B)» курс боюнча жалпы маалыматты жөнөтөбүз.
Талапкерлер арызын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тапшыруусу кажет, арыз тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 23-ноябрь, 2026-ж. * узартуу мүмкүнчүлүгү жок
Эгер сиз билген ылайыктуу талапкерлер (уюмдар) бар болсо, бул маалыматты алар менен бөлүшүүңүздү өтүнөбүз. Сураныч, аларга курс боюнча жалпы маалыматты гана эмес, толтурула турган бардык документтерди кошо жөнөтүңүз.
Талапкерлер жалпы маалымат китепчесин кунт коюп окуп чыгып, андан кийин төмөнкү документтерди чогултушу жана толтурушу керек:
- Арыз формасы
- Жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү
- Алгачкы отчет (Жалпы маалымат китепчесинин 22-бетин караңыз)
- Англис тили деңгээлин тастыктоочу сертификат (эгер бар болсо)
- Сунуш каты
- Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерге: Өз уюмдан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин дарегине конкурска катышуу үчүн корутунду берүү жөнүндө коштомо кат (катта талапкердин ээлеген кызматы жана анда тартиптик жазанын жоктугу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт). Бул талап донорлордун каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлерин жана муниципалдык кызматкерлерин окутууну координациялоо жөнүндө жобонун 2-6-пункттарына ылайык ишке ашырылат. (Байланышуу үчүн: (0312) 62-02-42 Шамиль, Наргиза, (0312) 62-42-20 Рыскелди).
- Сиздин уюмдан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дарегине жазылган коштомо кат (уюмдун расмий бланкында датасы, чыгыш номери, кол тамгасы жана уюмдун мөөрү көрсөтүлүшү керек)
Андан кийин, документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин төмөндөгү кызматкерине ТҮЗДӨН-ТҮЗ КОЛУНА тапшырууңузду суранабыз:
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
— Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 58
— Эл аралык кызматташуу башкармалыгы
— Мурас Утуров — (0312) 625313 (2233)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине документтерди тапшыруу тууралуу бардык суроолор боюнча жогорудагы номерге кайрылсаңыз болот.
Тиркемеде:
- Курс боюнча жалпы маалымат китепчеси (Жүктөп алуу үчүн бул жерди басыңыз
)
- Арыз формасы (Жүктөп алуу үчүн бул жерди басыңыз
)
- Сунуш каттын формасы (Жүктөп алуу үчүн бул жерди басыңыз
)
✦ JICA программаларынын өнөктөштөрүнө же талапкерлерине (жаш лидерлер программасы болобу, же өнөктөш уюмдар үчүн программа болобу, түрүнө карабастан) жалпы маалыматты кылдаттык менен окуу, арызды туура толтуруу (атап айтканда, талапкердин кызмат милдеттери, бөлүмү/башкармалыгы ж.б. жөнүндө маалыматтарды так жана туура жазуу) жана талаптарга ылайык отчетторду даярдоо керек экенин эскертүүңүздү суранабыз.
✦ Интервьюга талаптарга жана шарттарга толук жооп берген талапкерлер гана чакырылат.
✦ Тандоонун кайсы гана этабында болбосун, талапкердин дисквалификация болушунун себептери АЧЫККА ЧЫГАРЫЛБАЙТ
