Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
Дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. 122, тел.: 62-04-05, Факс 62-03-10, Ишеним телефону: 66-03-39, WhatsApp 0990774430. Email: gagsmsu@gmail.com
Бөлүм жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
– республиканын административдик-аймактык түзүлүшү боюнча маалыматтар базасын түзөт жана аны ыкчам жаңылоону камсыз кылат;
– ААТ маселелери боюнча топтомо маалыматты даярдайт, ААТны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Агенттиктин жетекчилигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (ВАК) жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш жүргүзөт;
– ВАКтын кароосуна келип түшкөн документтерди алдын ала кароону жүзөгө ашырат жана Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун даярдайт;
– Ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусунан кийин калктуу конуштарды жана башка географиялык объекттерди атоо, кайра атоо боюнча, калктуу конуштарды айыл (шаар) категориясына киргизүү боюнча, администрациялык-аймактык реформа маселелери жана ААТнын башка маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун даярдоо боюнча иштерди жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик класификаторуна (АААБОБС) киргизилген администрациялык-аймактык бирдиктердин аталыштарын мамлекеттик жана расмий тилдерде шайкеш келтирүү боюнча иштерди жүргүзөт;
– ААТ маселелери жана географиялык аталыштар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын, башка юридикалык жана жеке жактардын арыздарын, кайрылууларын карайт;
– ААТ жана географиялык аталыштар маселелери боюнча тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Илимдер академиясы, ошондой эле башка илимий институттар жана уюмдар менен биргелешип иш жүргүзөт;
– ААТ жана географиялык аталыштар маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга, макулдашууга катышат;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан административдик-аймактык түзүлүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышынын абалына мониторинг жүргүзөт.