Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
Дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. 122, тел.: 62-04-05, Факс 62-03-10, Ишеним телефону: 66-03-39, WhatsApp 0990774430. Email: gagsmsu@gmail.com
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына талапкерлерге мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүсүнө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси бекитилди.
Бул тизме жалпы мыйзамдарды билүү үчүн компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө милдеттүү болуп саналат.
Ошентип, жалпы мыйзамдарды билүү үчүн компьютердик тестирлөөнү өткөрүүдө тийиштүү кызмат орундарынын топтору үчүн көрсөтүлгөн ЧУА тизмегиндеги тесттик суроолор киргизилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды (жалпы мыйзамдарды билүүгө) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын ТИЗМЕСИ
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды (жалпы мыйзамдарды билүүгө) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын ТИЗМЕСИ
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды (жалпы мыйзамдарды билүүгө) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын ТИЗМЕСИ
Башкы жана улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн предметтик мыйзамдар боюнча маселелер ар бир мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан сунушталган ченемдик укуктук актылардын тизмесинин негизинде түзүлөт жана жалпы мыйзамдарды билүүгө карата ченемдик укуктук актылардын тизмесин кайталабоого тийиш.