“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн, административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орунуна ачык конкурс жарыялансын:
Жарандык административдик кызмат орундарынын улук тобуна (У-Б) (Бишкек ш.)
Кесиптик билим деңгээли:
-жогорку билим, төмөндөгү багыт боюнча; юридикалык, экономикалык,педагогикалык,өзгөчө кырдаалдар коргоо жаатында.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдын кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компететтүүлүгү:
Төмөнкүлөрдүү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы”,
-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
-Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
Предметтик мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзам;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому”,
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 120 токтому “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө”
Билгичтиги:
-кадр иштери менен иш алып баруу;
– “Е-кызмат” маалымат системасы менен иш алып баруу;
– Инфодокс (СЭД) система менен иш алып баруу.
Көндүмдөрү:
– командада иштеп кетүү жөндөмү, жоопкерчилиги, демилге көтөрө билүүсү;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышууну каалагандар 2026-жылдын 13-ноябрынан 26-ноябрына чейин кабыл алынат.
Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө беришет:
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтердин (сканерленген документтер) тиркелет.
-жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо;
-эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен;
-илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо);
-квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо).
Ачык конкурска катышууга коюлган талаптарга жооп берген документтери бар талапкерлер гана чакырылат.
Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү зарыл.
Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан “e-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт.
Ош шаары, Муминова көчөсү 11, 1-кабат 4-кабинет ,7-13-52, 0773068180
Бишкек шаары пр Манас 101/1 Жумабекова көч. 203/1,4 -этаж, 404 кабинет
ЭСКЕРТҮҮ: Толук эмес же квалификациялык талаптарга жооп бербегендер конкурстук комиссиянын отурумунда каралбайт.

wpChatIcon
wpChatIcon