«e-Kyzmat» автоматташтырылган маалымат системасы

55

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы («е-Kyzmat») — мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөө, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар жөнүндө маалыматтарды чогултуу, сактоо, жаңыртуу жана талдоо процесстерин автоматташтырууну камсыз кылуучу мамлекеттик маалыматтык системасы.

«e-Kyzmat» тутумунун негизги максаттары:

— кызматчылар жөнүндө бирдиктүү маалыматтык база түзүү;

— мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат өтөөнүн бардык этаптарында кадрдык персоналды башкаруу боюнча бирдиктүү механизмди түзүү жана автоматташтыруу;

— кызматчылар жөнүндө ведомстволор аралык маалымат алмашууну ишке ашыруу;

— мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык курамы боюнча отчеттук формаларды автоматташтыруу;

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү үчүн конкурска катышууга электрондук өтүнмөнү берүүнү автоматташтыруу;

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөө процессин автоматташтыруу;

— «е-Kyzmat» АМСти башка мамлекеттик органдардын , жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка юридикалык жактардын кадрдык курамы жөнүндө локалдык маалыматтык системалары менен интеграциялоо.

Бүгүнкү күндө «е-Kyzmat» тутуму ишке ашырылып, баардык мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, анын ичинде ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө иштеп жатат.

Системага туташуу үчүн техникалык операторго керектүү документтердин тизмесин жөнөтүү керек. Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз.

«е-Kyzmat» АМТ боюнча бардык суроолорго жоопторду электрондук башкаруу бөлүмүнөн 0312 62-19-43, 0312 62-02-86 жана +996 999 33-88-18 (WhatsApp) телефондору аркылуу алууга болот.