«Санарип аймагы» автоматташтырылган маалымат системасы

 «Санарип аймак» АМС ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат. «Санарип аймак» АМСтин негизги максаты «Санарип аймак» АМСтин модулдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан тиешелүү суроо-талаптар боюнча өз компетенциясынын алкагында чечимдерди кабыл алуу процессинде зарыл болгон технологиялар жана техникалык каражаттар аркылуу түзүлгөн маалыматтар боюнча маалыматтарды жыйноо, сактоо, иштеп чыгуу, издөө, түзүү, берүү болуп саналат.

«Санарип аймак» АМСтин негизги максаттары жана милдеттери

  1. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин автоматташтыруу жана маалыматтык коомду калыптандыруунун техникалык жана технологиялык негиздерин өнүктүрүү;
  2. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеке жана юридикалык жактар менен натыйжалуу жана туруктуу өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде алар тарабынан сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле бул үчүн зарыл болгон маалыматтарды тоскоолдуксуз жана өз убагында алуу үчүн;
  3. коррупциялык факторлорду четтетүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу;
  4. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагында калкты жана үй чарбаларын талаптагыдай эсепке алуу;
  5. шайлоо, референдум өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын тизмесин, референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүүдө маалыматтарды жыйноону жеңилдетүү;
  6. «Санарип аймак» АМСтин түзүлгөн модулдары боюнча борборлоштурулган маалыматтар базасын түзүү;
  7. жергиликтүү коомчулуктагы калкты социалдык коргоо программаларын иштеп чыгуу үчүн «Санарип аймак» АМСтин маалыматтарын пайдалануу.

«Санарип Аймак» АИС боюнча бардык суроолорго төмөнкү телефондор аркылуу электрондук башкаруу бөлүмүнөн жооп алса болот: 0312 62-02-86; 0312 66-02-16 жана +996 999 33-88-63 (whats APP).