«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кубогу» республикалык волейбол мелдеши уюштурулду Бүгүн, 2026-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кубогу» волейбол боюнча республикалык мелдешинин финалдык этабы өтүүдө. Мелдешке өлкөнүн жети облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген командалар, ошондой эле Агенттиктин кызматкерлери катышууда. Жалпысынан 120га жакын катышуучу күч сынашууда. Мелдештин расмий ачылышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору Бектурган Орозбаев катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Мелдештин негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен кызматкерлеринин арасында спортту өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу, командалык биримдикти жана аймактар аралык кызматташтыкты бекемдөө. Оюндар эки спорттук аянтчада өткөрүлүп, жыйынтыгында жеңүүчү командага башкы кубок тапшырылат. Ошондой эле байгелүү орундарды ээлеген командалар жана «Мыкты оюнчу», «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу» номинацияларынын ээлери сыйланат. Белгилей кетсек, мелдеш жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 35 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлүүдө. Спорт – биримдиктин, ынтымактын жана командалык рухтун символу! Жазуулар боюнча багыттоо АЙМАКТАРДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮ: ЖАҢЫ ДЕМИЛГЕЛЕР ТАЛКУУЛАНДЫ Эльчибек Джантаев «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында көчөт отургузуу иш-чарасына катышты