Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы №43 “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын башкы жана улук топторуна конкурс жарыялайт: Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын билүү: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 4.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 5.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8.“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9.“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы. Билгичтиги жана көнүмдөрү: Билгичтиги: -иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; -түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; -кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; -коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; -өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; -ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; -чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; Көндүмдөрү: -аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; -түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); -маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес; Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн: Жалпы мыйзамдар: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы. Билгичтиги жана көнүмдөрү: Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. иш стажы жана тажрыйбасы: -мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. Каржы-экономикалык багыты боюнча (башкы тобуна конкурс жарыяланат) кесиптик билимдин деңгээли: – финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес; предметтик мыйзамдар: 1.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; 2.Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; 3.Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси; 4.Кыргыз Республикасынын “Республикалык бюджети жөнүндө” (тийиштүү жылга) Мыйзамы; 5.“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6.“Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7.“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Каржы-экономикалык башкармалыгынын бухгалтердик эсеп сектору багыты боюнча: (улук тобуна конкурс жарыяланат) кесиптик билимдин деңгээли: – финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. предметтик мыйзамдар: 1.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; 2.Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; 3.Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси; 4.Кыргыз Республикасынын “Республикалык бюджети жөнүндө” (тийиштүү жылга) Мыйзамы; 5.“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6.“Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7.“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Эл аралык кызматташтык багыты боюнча: (башкы тобуна конкурс жарыяланат): кесиптик билимдин деңгээли: -эл аралык мамилелер, экология жана жаратылышты пайдалануу, экономика, лингвистика жана башка тиешелүү багыттар боюнча. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес; предметтик мыйзамдар: 1.“Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө” Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому (2021-жылдын 15-ноябры № 263) 2.“Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (2026-жылдын 28-августу № 592) 3.“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Экологиялык жана климаттык саясат багыты боюнча:(башкы тобуна конкурс жарыяланат) кесиптик билимдин деңгээли: -жогорку билим: экологиялык, айлана-чөйрөнү коргоо, техникалык, эл аралык мамиле жаатында жогорку билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес; предметтик мыйзамдар: 1.Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 2.“Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3.“Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Жобосу(2021-жылдын 15-ноябры № 263) Өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу багыты боюнча: (башкы тобуна конкурс жарыяланат): кесиптик билимдин деңгээли: -жогорку техникалык билим: тоо кендери, пайдалуу кендерди жер астынан казып алуу; пайдалуу кендерди байытуу; пайдалуу кендерин геологиялык чалгындоо; жер астындагы сууларды издөө жана чалгындоо жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр; жылуулук жана газ менен камсыздоо жана желдетүү; машина куруу технологиясы; кара металлургия; түстүү металлургия; көтөрүү-транспорттоочу, курулуш, жол машиналары жана жабдуулары. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес; предметтик мыйзамдар: 1.“Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 2.“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3.“Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4.“Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө беришет: Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтердин (сканерленген документтер) тиркелет. -жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо; -эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен; -илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо); -квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо). Ачык конкурска катышууга коюлган талаптарга жооп берген документтери бар талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү зарыл. Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан “e-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт. Бишкек ш., Эркиндик бульвары 2 Документтер 2026-жылдын 11-ноябрынан баштап 20-ноябрына чейин кабыл алынат. Маалымат үчүн телефондор: 904040 (1731). Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Бишкек шаардык статистика башкармалыгы ачык сынак жарыялайт Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачык сынак жарыялайт