Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук топтогу административдик мамлекеттик кызматынын орундарына конкурс жарыялайт «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13–февралындагы № 43 «Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик кызматынын орундарына кабыл алуу үчүн конурс жарыялайт. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна: 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: физика–математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу илимдери, гуманитардык жана социалдык илимдери, педагогикалык билим берүү, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, транспорттук техника жана технология, маалыматтык коопсуздук, тоо–кен илимдери, айыл чарба, технология жана тамак аш өндүрүү геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, электроника, радиотехника жана байланыш, техника илимдери, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билими, техникалык илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жаатында. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: – «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 «Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 219 «Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 «Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 16 «Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө» токтому; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 «Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтому; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтому; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо. 3.2. Билгичтиги: – документтердин, маалыматтардын, сурамдарга жооптордун сапаттуу даярдоого жөндөмү; – командада иштей билүүгө жөндөмү; – кызматтык алака, көңүл бөлүүгө, демилге көтөрө билүүгө жөндөмү; – ири көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүүгө жөндөмү. 3.3. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышуу үчүн 2026–жылдын 1-декабрына чейин «Е–кызмат» мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу: – электрондук форматта өтүнмө берилет; – Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугук; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кабыл алууну тастыктайт. Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтер (сканерленген документтер) тиркелет: – өзүнүн арызы; – резюме; –негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү; – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү. Документтердин түп нускаларыталапкер тарабынан «Е–кызмат» мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги